Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык сыйлык быйыл Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рзаевге берилди

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы быйыл Азербайжан Жазуучулар союзунун жана Түрк тилдүү мамлекеттердин жазуучулар союзунун төрагасы Анар Расул оглы Рзаевге ыйгарылды.

Сыйлыкты бүгүн, 28-ноябрда Санкт-Петербургда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын жыйынында Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков тапшырды. Жээнбеков азербайжан элинин көп кырдуу таланты Анар Рзаевди Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка КМШ ПААнын кеңеши бир добуштан колдогонун билдирди. 

Эске салсак, 30 миң доллар акчалай кошумчасы бар аталган сыйлык Жогорку Кеңештин сунушу менен 2012-жылдын ноябрь айында уюштурулган. 2013-жылы сыйлык алгачкы жолу Орусиянын “Литературная газета” гезитинин башкы редактору Юрий Поляковго ыйгарылган.

Сыйлык жылына бир жолу бир гана адамга берилет. Лауреаттын маданият, агартуу жаатында, гуманитардык илимдерди, адабиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон салымы жана башка эмгектерине көңүл бурулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан