Бүгүн, 28-ноябрда вице-премьер-министр Эльвира Сариева “Мамлекеттик социалдык буйрутма жөнүндө” жаңы мыйзам долбоору талкууланган тегерек столго катышты. Вице-премьер өкмөттүн мамлекеттик социалдык буйрутма механизмдерин киргизүү боюнча жетишкендиктерин атады. "Социалдык буйрутманы киргизүү тажрыйбасы аталган механизмди жакшыртуунун зарылдыгын көрсөттү. Жаңы өзгөртүүлөр мамлекеттик социалдык буйрутма тутумунун кемчиликтерин жоюуга, ошондой эле аны ишке ашыруунун жаңы формаларын: социалдык тейлөөнү мамлекеттик сатып алууну, коомдук пайдалуу долбоорлорду мамлекеттик каржылоо жана муктаж жарандарга социалдык тейлөөнү сунуштоону киргизүүгө багытталган",- дейт Сариева.