Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 28-ноябрда Кемин районундагы "Талды-Булак-Сол-Жээк" алтын кенине барды. Сарпашев узундугу 1369 метрди түзгөн жаңы тоннель аркылуу өткөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Аталган тоннель кен менен алтын бөлүп алуучу фабриканы бириктирип турары айтылды. "Алтын-Кен" ишканасынын башкы директорунун орун басары Умар Изабаев фабриканы иштетип көрүү 1-декабрга пландалып жатканын айтты. "Фабриканы ишке киргизгенден кийин адистер кайсы жерин кайра иштеп чыгыш керектигин аныкташат. Өндүрүштү жылдын аягына чейин ишке киргизүү боюнча өкмөттүн тапшырмасын аткарууга бардык күчтү жумшайбыз",- деди Изабаев.
Тайырбек Сарпашев техникалык коопсуздукка жана жумушчуларга ыңгайлуу шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурулушу керектигин айтып, фабриканын жумушчуларынын 90 пайызын кыргызстандык жарандар түзүшү керектигин кошумчалады.
Айта кетсек, аталган ишкананын үлүшүнүн 60 пайызы Кытай тарапка, 40 пайызы "Кыргыз алтын" ишканасына тийиштүү. Маалыматтарга таянсак, аталган кенде алтындын 78 тонна кору бар. Алтын кени үчүн жалпы 184 миллион доллар инвестиция салынганы айтылды.