Асылбек Жээнбеков Азербайжандын Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рзаевди кабыл алды

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 28-ноябрда Санкт-Петербург шаарында Азербайжандын Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Рзаевди кабыл алды. Жээнбеков Анар Рзаевди Ч.Айтматов атындагы КМШ ПААнын сыйлыгынын лауреаты болушу менен куттуктады. “Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка көп талапкер ат салышты. Мыктылардын мыктысы катары алдыга суурулуп чыктыңыз. Сиздин көп кырдуу талантыңыздан жакшы кабардарбыз. Сиздин калемиңизден жаралган "Отелдеги бөлмө”, “Дантенин мааракеси”, “Мен, сен, ал жана телефон”, “Кайрымдуу падыша жөнүндө жомок”, “Беш кабаттуу үйдүн алтынчы кабаты” сыяктуу чыгармалар учурдун орчундуу көйгөйлөрүн, адамзаттын баалуулуктарын ачып берген”,- деди спикер.

Рзаев мындай сыйлыкка татыганы сыймык экенин, экинчи жагынан зор жоопкерчилик артылганын белгиледи. “Чыңгыз Төрөкулович экөөбүздүн ортобуздагы жаш курагыбыздын айырмачылыгына карабастан, ал мени досум деп койчу. Экөөбүз ага-ини катары ынак мамиледе элек. Бизди чыгармачылык бириктирген. Андыктан Ч.Айтматов атындагы сыйлыкка татыктуу болуш – мен үчүн чоң сыймык”,- деди Рзаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан