Жалал-Абадда милициянын ардагерлеринин жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 29-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, жыйынга Жалал-Абад ОИИБ, Жалал-Абад ШИИБинин жана райондогу Ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери, ардагерлер, коомдук уюмдар катышышты. Анда ардагерлер өздөрүнүн сунуш-пикирлерин айтышып, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө насаатчы катары көп жылдык ишмердүүлүгүн үйрөтүштү.