Көп жылдан берки эмгегин эске алып өкмөт бир катар суу чарба кызматкерлерин Ардак грамота менен сыйлады. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 29-ноябрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Сыйлык алган кызматкерлер төмөнкүлөр:
Тилек Исабеков - Айыл чарба жана мелиорация министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин директорунун орун басары;
Абдукарим Жаркынов - Жалал-Абад облустук суу чарба башкармалыгынын башкы инженери;
Сыргак Күрөңкеев - Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын механизатору;
Шүкүр Арстанбеков - Ош облустук суу чарба башкармалыгынын инженери.