Ош облусунун Алай районунда 400 орундуу жаңы мектеп ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 29-ноябрда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, мектепти курууга республикалык бюджеттен 58 миллион сом бөлүнгөн. Ошодой эле райондук ооруканадагы 20 орундуу неврология бөлүмү колдонууга берилди. Бул үчүн бюджеттен 15 миллион сом каралган.