Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 29-ноябрда республикалык бюджеттен каржыланчу курулуштардын тизмесине билим берүү объектилерин тандап алуу боюнча иштелип чыккан критерийлерди талкуулоо үчүн жыйын өткөрдү. Маселе боюнча өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы Самат Бөрүбаев баяндама жасап, негизги критерийлер боюнча маалымат берди.
Отурумдун аягында Жоомарт Оторбаев айтылган сунуш, пикирлерди эске алуу менен билим берүү мекемелерин тандап алуу критерийлерин иштеп чыгууну тездетүү тапшырмасын берди. "Критерийлер кыска мөөнөттө иштелип чыгышы керек. Толукталып иштелип чыккан долбоор кеңири форматта коомдук талкуудан өтүшү зарыл. Бул процесске Жогорку Кеңешти, жергиликтүү бийликти жана кызыкдар мекемелерди тартуубуз туура. Анткени тандалган объект кандай критерийлер менен мамлекеттик бюджеттен каржыланчу "капиталдык салымдар" беренесине киргенин билиши кажет. Бул тармакта коррупция жок экенин элге көрсөтүшүбүз шарт",- деди Оторбаев.