Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Карганбек Самаков жана Эсенгул Исаков ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова менен жолугушту. Башкы директор кыргыз депутаттарын кыргыз боз үйү ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталгандыгы менен куттуктап, бул жолу Жогорку Кеңештин делегациясынын келгени Кыргызстандын маданий мурастарга болгон мамилеси активдешип жатканынан кабар берерин айтты.
ЖКнын басма сөз кызматы 30-ноябрда билдиргендей, КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан салам айтып, акыркы жылдары Кыргызстан Маданий мурастарды коргоо, сактоо жана аларды дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү жаатындагы ишкерге айрыкча басым жасап жатканын билдирди. Ирина Бокова бай тарыхы бар кыргыз мамлекетинин дүйнө коомчулугунун көңүлүн бура турган маданий мурастары арбын экенин айтып, мындан ары да сунуштала берерине ишенич билдирди.