Президент Алмазбек Атамбаев 29-ноябрда 447 адамга Кыргызстандын жарандыгын берүү боюнча жарлык чыгарды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Жарандык алгандардын көпчүлүгүн Өзбекстандан жана Тажикстандан келген этникалык кыргыздар түзгөнү айтылды.