Кыргызстанда электр энергияcынын жана жылуулуктун жаңы тарифтери күчүнө кирди

Кыргызстанда электр энергиясына жана жылуулукка болгон жаңы тарифтер бүгүн, 1-декабрда күчүнө кирди. Энергетика жана өнөр жай министрлигинен билдиргендей, электр энергиясынын жаңы тарифине ылайык, айына 700 киловатт-саатка чейин электр кубатын пайдалангандар 70 тыйындан, андан ашыкча пайдаланылган электр кубаты үчүн 2 сом 05 тыйындан төлөшөт. Ал эми жылуулук үчүн тариф турак жайдын аянтына жараша эсептелип, 917 сомдон башталмакчы. Жаңы тарифтер боюнча электр кубаты төмөнкүдөй эсептелет: 

Мисалы, абонент 1000 киловатт-саат электр энергиясын пайдаланса, мунун 700 киловатт-саатына азыркыдай 70 тыйындан төлөйт. Калган 300 киловатт-саатына 2 сом 05 тыйындан төлөп баштайт. Ошондо абонент 1000 киловатт-саат электр кубаты үчүн 1105 сом төлөп калат (700 киловатт-саат х 70 тыйын = 490 сом, 300 киловатт-саат х 2 сом 05 тыйын = 615 сом). Бул азыркы 1000 киловатт-саат электр энергиясынын баасынан 405 сомго кымбат. Кыргызстан быйылкы сезондо 7,5 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрмөкчү. Муну калкка бөлгөндө ар бир абонентке 680-690 киловатт-сааттан тиери айтылды. Ал эми жылуулук энергиясы боюнча бирдиктүү тариф киргизилгени жатат, анын баасы гигакалориясы үчүн 917 сом. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан