Украинанын президенти Пётр Порошенко телефондо сүйлөшүү маалында Орусия президенти Владимир Путин тарабынан эч кандай коркутуу болбогонун билдирди. Муну президент германиялык ММКлардын бириндеги маегинде айтты. "Биздин телефон аркылуу сүйлөшүүбүздө Орусиянын президенти мени же Украинаны коркутканы тууралуу айтылган маалыматты кескин түрдө четке кагам",- дейт Порошенко. Украина лидери орус-украин катаалдашкан мамилесин жөнгө салуунун жалгыз жолу диалог экенин кошумчалады.
Эскерте кетсек, ноябрь айынын ортосунда Путин телефондук сүйлөшүү учурунда Украина президентин коркутканы тууралуу маалымат тараган. Бирок өз учурунда украиналык тарап да, Путиндин жардамчылары да бул маалыматты четке каккан эле.