Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 28-ноябрда Кыргызстандын жаңы Аба кодексинин долбоорун иштеп чыгуучу компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда "Бизнести өнүктүрүү боюнча демилгелер" долбоорунун директору Карен Вестергаард, жарандык авиация боюнча программанын менеджери Айбарча Бекова да катышты.
"Кыргызстандын жаңы Аба кодексин иштеп чыгуу тийиштүү органдар менен макулдашылып, каражат бөлүнгөн. Жаңы кодексти иштеп чыгуунун максаты - Кыргызстандын аба мейкиндигин колдонуунун укуктук негизин түзүү коопсуз учууларды камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын жарандарынын талабын аткаруу",- деп билдирет министрлик.
Жаңы долбоор боюнча жакын арада коомдук угуу өтөрү айтылды.