Бүгүн, 1-декабрда Бишкекте өкмөткө караштуу Гендердик өнүктүрүү боюнча кеңештин көчмө жыйыны өтөт. Өкмөттөн билдиришкендей, жыйындын темасы: "Шайлоо жана бийликтин аткаруу органдарында гендердик өкүлчүлүктү камсыздоо боюнча мыйзамдардын аткарылышы". Ага вице-премьер-министр Эльвира Сариева катышып, тармакка тийиштүү көйгөйлөр жана жетишкендиктер талкууланат.