Бүгүн, 1-декабрда өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, андан кийин Оторбаевдин Орусиянын Федерация кеңешинин спикери Валентина Матвиенко жана башка бийлик жетекчилери менен жолугушуусу күтүлүүдө. 2-декабрда премьер-министр Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өтүүчү кыргыз-орус өкмөттөр аралык жыйынына катышмакчы.
Ал эми 3-декабрь күнү Башкортостандын президенти Рустэм Хамитов менен Уфа шаарында жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык маселеси боюнча сүйлөшөт.