Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратында 29-ноябрда өздүк курамдын айрым кызматкерлерине атайын наамдарды берүү иш-чарасы өттү. Аттестациянын жыйынтыгында Мамлекеттик бажы кызматынын кадрлар резервинен тандалып алынган жаңы кызматкерлерге атайын наамдар берилгени айтылды. Сыйлык жалпы 155 бажы кызматкерине берилди. "Биздин кызмат өлкөнүн экономикалык кызыкчылыгын коргоочу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына жооптуу мамлекеттик орган болуп саналат. Силердин кызматтык милдетиңерди татыктуу аткарышыңарды каалайм",- деп билдирди Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Адамкул Жунусов.