Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабында жаңы окуу жылы башталды
Бүгүн, 1-декабрда Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелеринде жаңы
окуу жылы башталды. Аскерлерди жана башкаруу органдарын даярдоо планына
ылайык, бүгүн аскерлер күжүрмөн даярдык боюнча
сабактардан өтүштү. Биринчи күнкү сабакта Борбордук Азия аймагындагы жана өлкөдөгү
аскердик-саясий абал, 2015-окуу жылына карата жаңы тапшырмалар тууралуу
коомдук-мамлекеттик даярдыктар боюнча да маалыматтар берилди. "Тактикалык-катардык сабактардын дагы бир маанилүү
элементи болуп Башкы штабдын аскерлери
менен башкаруу органдарын күжүрмөн даярдыктын жогорку даражасына алып келүүчү
Куралдуу күчтөрдүн курамындагы комплекстүү көнүгүүлөр саналат",- деп билдирет аталган органдын басма сөз кызматы.