Улуу Британияда быйыл жаңы төрөлгөн уул балдардын арасында Мухаммед деген ысым популярдуу болду. Муну чет элдик маалымат булактары тийиштүү органдарга шилтеме берүү менен жарыялашты. Аталган ысым быйыл 27 пунктка жогорулап, өлкөдө салттуу деп саналган Оливер, Жек, Ной, Гарри, Чарли жана Жеймс деген ысымдарды басып өткөн. Муну менен катар Омар, Али, Ибрагим деген ысымдар да популярдуу болгону айтылууда.
Ал эми ымыркай кыздардын арасында София, Эмилия, Лилия жана мусулман дүйнөсүнө кеңири белгилүү Марьям жана Нур деген ысымдар лидерлик позицияда.
Маалыматка таянсак, Орусияда 2014-жылы ымыркайлар арасында Артём жана София деген ысым салыштырмалуу көп колдонулган. Буга чейин көп жылдар бою Александр жана Мария деген ысымдар алдынкы сапты ээлеп келишкени айтылды.