Темир Сариев Ислам кызматташтык уюмунун жыйынына катышып, Кыргызстандын туристтик тармагы боюнча маалымат берди

Кыргызстандын экономика министри Темир Сариев Ислам кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн соода-экономикалык кызматташтык боюнча туруктуу комитетинин 30-жыйынына катышты. Министрликтин басма сөз кызматы 1-декабрда билдиргендей, жыйын Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын төрагалыгы астында өтүп, 2005-жылы Ислам конференциясынын саммитинин кезексиз жыйынында кабыл алынган 10 жылдык программанын аткарылышы боюнча отчёт угулду. Аталган программа өзүнө кызматташтыктын төмөнкү багыттарын камтыйт:
Ислам кызматташтык уюмунун ички аймактык соода-сатыгын кеңейтүү;
Транспорт жана коммуникацияны жакшыртуу;
Туруктуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү туристтик тармакты өнүктүрүү;
Айыл чарба өндүрүшүнүн коопсуздугун бекемдөө;
Жакырчылыкты кыскартуу;
Каржылык кызматташтыкты тереңдетүү. 
Жыйында министр Сариев Кыргызстандын туристтик тармагынын потенциалы жана бул багыттагы акыркы жетишкендиктер тууралуу маалымат берди. Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттерди өнүктүрүүдө туристтик тармак маанилүү ролду ойной турганын белгиледи. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан