Жогорку Кеңештин
Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинин 1-декабрдагы жыйынында өлкөдө мыйзамсыз курулган үйлөрдү мыйзамдаштырууну максат кылган мыйзам долбоору каралууда. Депутат
Өмүрбек Текебаевдин билдиришинче, мыйзамсыз курулган үйлөрдүн саны көбөйүп кетти.
“1990-жылдан бери бир канча айылдарда мыйзамсыз курулган
үйлөр бар. Бир дагы үйдүн Кызыл китеби жок айылдар бар. Бишкектин
тегерегинде үй курууга жер калган жок. Маалыматтарга караганда, Бишкекте 6 миң,
Ош шаарында 1 миң мыйзамсыз курулган үй бар экен”,- деди Текебаев.
Комитет
мүчөлөрү жер басып алууну кантип токтотсо болорун сурашты.
Текебаев мындан ары жерди мыйзамсыз басып алууга аракет
кылгандарды камаш керектигин айтты.
“Өз элиңе каршы чыгып, согуша албайсың. Биз жер басып алууну
азыр токтотпосок, кийин токтотуу мүмкүн болбой калат. Өкмөт бул боюнча план түзүп, аны ишке ашырышы керек", - дейт депутат.