Башка өлкөнүн жарандыгын алган кыргыздардын Кыргызстандагы жашоосуна кам көрчү мыйзам комитетте жактырылды

Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү комитетинде чет мамлекеттин жарандыгын алган кыргыздарга тийиштүү мыйзам долбоору каралды. Депутат Өмүрбек Текебаевдин айтымында, бул мыйзам долбоору учурда чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кош жарандыгы бар мигранттардын Кыргызстанга кайтып келгенден кийинки жашоосу үчүн шарт түзүп берүүгө багытталган. Ал мыйзамга ылайык, кош жарандыгы бар кыргызстандык жаран мекенине кайтып келсе, жер, үй, батир маселелери боюнча кыргызстандык жарандар менен бирдей укукта болот. Алардын жергиликтүү бийлик органдарында кызматтарды ээлешине да жол ачылмакчы.

Жыйында депутат Эсенгул Исаков улуттук кызыкчылыкты коргоп, "кыргыздарга гана" деген чектөө киргизүүнү сунуш кылды. Талкуу соңунда депутаттар аталган мыйзам долбоорун айтылган сунуштарды эске алуу менен 2-окууда жактырышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан