Кыргызстанда жаратылыш газы 1 тыйынга кымбаттады. Өлкөнүн түндүгүндөгү абоненттер декабрь айында газдын метр кубуна 13 сом 54 тыйындан төлөшөт (мурунку айда 13 сом 53 тыйын болчу). "Газпром Кыргызстан" ишканасы газдын кымбатташын доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырды. Өндүрүш ишканалары үчүн жаратылыш газынын баасы бул айга 16 сом 30 тыйын деп бекитилди (мурунку айдагыдан 1 тыйынга кымбат). Өткөн айда жаратылыш газы 60 тыйынга көтөрүлгөн эле. 12 сом 93 тыйындан 13 сом 53 тыйынга жогорулаган.
Айта кетсек, Кыргызстанда газдын арзандаганына аз эле болгон. Сентябрда "Газпром" ААКсынын Башкаруу кеңешинин төрагасы Алексей Миллер Бишкекке келип, Кыргызстанга жеткирилген жаратылыш газынын 1000 метр кубунун баасын 224 доллардан 165 долларга чейин түшүрүү чечими кабыл алынганын айткан. Муну менен газдын баасы 59 долларга арзандап, абоненттер октябрда газ үчүн 12 сом 93 тыйындан төлөштү (ага чейин 16 сом 35 тыйындан төлөп келишкен).