Жогорку Кеңештин комитети букмекер кеңселеринин ишине тыюу салуучу мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды

Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук комитетинин 1-декабрдагы жыйынында өлкөдө букмекер кеңселеринин жана тотализатор бюролорунун иштешине тыюу салчу мыйзам долбоору каралды. Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоорун даярдоого букмекердик кеңселерге көз каранды болгон жарандардын санынын кескин көбөйүп жатышы себеп болгон. Учурда республикада 107 букмекердик кеңсе иштеп жатканын айтат депутат Мирлан Бакиров. "Эң башкысы, биздин жаштар жеңил акчанын айынан өздөрүнүн тагдырына бөгөт коюшууда. Букмекер кеңсесиндеги утулуудан кийин өзүнүн өмүрүн кыйган жаран боюнча баарыбыздын маалыматыбыз бар",- дейт депутат. Тийиштүү мыйзамдын жоктугунан салык органдары букмекер кеңселеринин каражатын көзөмөлдөөдө кыйналып жатканын кошумчалады. 

Депутаттар мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышып, Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу чечимин кабыл алышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан