Кыргызстанда 2014-жылдын 8 айында 195 249 автоунаа каттоодон өткөрүлдү. Муну бүгүн, 1-декабрда Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка таянсак, январь айында 9750, февралда 9750, мартта 21 230, апрелде 21 230, майда 21 230, июнда 37 353, июлда 37 353, августта 37 353 автоунаа каттоодон өткөрүлгөн. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына таянсак, 2014-жылдын 9 ай аралыгында Кыргызстанга 63 841 жеңил автоунаа алынып келинди.