Парламенттин Коргоо жана коопсуздук комитети 1-декабрдагы жыйынында "Мамлекеттик чек ара жөнүндө" мыйзам долбоорун кароону артка жылдырды. Мындай чечимдин кабыл алынышына Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Райимберди Дүйшөнбиевдин жыйынга келбегени себеп болду. Депутат Исмаил Исаков мыйзам долбоору менен таанышып чыкканын айтып, документти тийиштүү органдарынын башчыларысыз талкуулоого болбой турганын билдирди. "Мыйзамды талкуулоого өкмөттүн бул тармакты көзөмөлдөгөн өкүлү, Чек ара кызматынын башчысы жана башка органдардын жетекчилери сөзсүз катышуусу керек. Баарыбыз чогуу талкуулашыбыз зарыл",- деди Исаков.
Депутаттын сунушун башкалар да колдоого алышты.