Тийиштүү комитет чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө мыйзамга билдирген президенттин каршы пикирине макул болду

Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук комитети 1-декабрдагы жыйынында "Чек ара ыйгарым укуктуулары жөнүндө" мыйзамга билдирген президент Алмазбек Атамбаевдин каршы пикирин карады. Депутаттарга вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев маалымат берип, президент аталган мыйзамга эмне үчүн кол койбогонун түшүндүрүп берди. Анын айтымында, республикалык бюджеттин чыгашасын көбөйтчү мыйзамдардын өкмөттүн макулдугусуз өтүүсүнө жол берилбеши керек. Мамлекеттик чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөөнү жакшыртуу үчүн эч кандай даярдыгы жок катардагы жарандарга курал берүү кооптуу экенин кошумчалады Маматалиев. 
Комитет вице-премьер-министрдин маалыматын эске алып, макулдашуу комиссиясын түздү. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан