Алмазбек Атамбаев: "Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн катарынан чыкты"

Дүйнөлүк коомчулук азыркы учурда Кыргызстанды жакыр өлкө деп эсептебейт. Муну президент Алмазбек Атамбаев телеканалдардын бирине берген маегинде билдиргенин президенттик аппараттан 1-декабрда кабарлашты. Президент буларга токтолгон: "Дүйнөлүк банктын жана башка эл аралык уюмдардын классификациясы боюнча Кыргызстан 2014-жылы жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыкты. Буга көпчүлүк, мунун ичинде ММКлар да жакшы көңүл бурушкан жок". 
Мамлекет башчы дин тармагынын мамлекеттик башкарууга кийлигишүүсүнө жол берилбей турганын жана диний чөйрөгө мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү зарыл экенин белгиледи. Түрдүү сындарга жана ушактарга карабай коррупция менен күрөшүү улана турганын кошумчалады Атамбаев. 
Өлкө жетекчиси орчундуу делген бир катар маселелер тууралуу пикирин билдирген. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан