Бакыт Шаршеналиев (сүрөттө) өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койгонун бүгүн, 1-декабрда аталган фонддон билдиришти. Өкмөт башчынын башка жарлыгы менен Азаматбек Абдыбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары болуп дайындалды.