Парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин 1-декабрдагы жыйынында депутаттар мугалимдердин эмгек акысы тууралуу маселе көтөрүштү. Аймактарда айлыктын аздыгынан мугалимдер арасында нааразычылыктар күчөп жатканын айтышты. Каржы министри Ольга Лаврова кошумча каражат табылбаса, мугалимдердин маяналары азыркыдай бойдон каларын билдирди. “Кошумча каражат табууну пландап жатабыз. Эгерде табылбаса, азыркы алып жаткан айлыктары менен гана калышат”,- деди Лаврова.
Билим берүү, илим кызматкерлеринин профсоюздар уюмунун өкүлү мугалимдер айлыктын аздыгына карабай иштөөгө аракеттенип жатканын кошумчалады. “Мугалимдердин айлыктары орточо эсеп менен 5 миң сом. Азыр тажрыйбалуу мугалимдердин да, жаш мугалимдердин да айлыктары көтөрүлбөй турат. Алар иш таштоо алдында турушат. Эгер иш таштоого чыгышса, эртең мугалимдер калбай калат. Ошон үчүн, депутаттар, өкмөттөн мугалимдердин айлыктарын көтөрүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун аткарууну ишке ашырып берүүңүздөрдү суранабыз”,- деди ал.