Замирбек Малабеков (сүрөттө) Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп дайындалды. Сынактык комиссия аталган талапкерди вице-мэрлик кызматка сунуштап, шаар башчысы Кубанычбек Кулматов жактырганын мэриянын маалымат кызматы 1-декабрда билдирди. Шаар башчысынын башка буйругу менен Канчоро Ажекбаров Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп бекитилди.