Жогорку Кеңештин депутаттары коммерциялык банктардын ишине нааразы

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин 1-декабрдагы жыйынында депутат Надира Нарматова коммерциялык банктарга элде нааразычылык көп экенин айтып чыкты. “Айрым коммерциялык банктар мамлекеттин акчасын 8 пайыз үстөк менен алып, кайра элге 18 пайыз үстөк менен берип жатат. Өкмөт ушул маселени көзөмөлгө алышы керек”,- дейт депутат.  

Каржы министри Ольга Лаврова мамлекеттик банктар ссудаларды алып, бирок эч кандай кайрып бербей келе жатканын билдирди. “Эки ири мамлекеттик банк бир нече жылдан бери ссудаларды алып, элге үстөк пайыз менен насыя берет. Бирок мамлекетке эч кандай каражат кайтарбай келет”,- деди министр. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан