Жылнаама, 2-декабрь: Мындан 33 жыл мурун америкалык ырчы жана актриса Бритни Спирс төрөлгөн

* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Бишкек шаарынын мурунку мэри Иса Өмүркуловго кылмыш иши козголгон. Шаар башчысы "Дайыр Асанов атындагы "Жеңиш" сейил багынын чек арасын аныктоодо бир катар мыйзам бузууларга барган" деп айыпталган. Иса Өмүркуловго КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (жер мыйзамдарын бузуу) боюнча кылмыш иши козголгон. 4-декабрда мэр өз каалоосу менен кызматтан кеткен. 2014-жылы 1-августта Иса Өмүркулов жана мэриянын бир катар кызматкерлери бардык беренелер боюнча акталышкан. Мындай чечимди Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту чыгарган.
* Мындан 22 жыл мурун, 1992-жылы дүйнөдөгү биринчи SMS-кат жөнөтүлгөн. SMS-кат жөнүндөгү идея алгач 1984-жылы пайда болуп, 1989-жылы Фридхельм Хиллебранд, Бернар Жильбер, Финн Тросби, Кевин Холли, Йан Харрис сыяктуу инженерлер тарабынан иштелип чыккан. 1992-жылы уюлдук тармакта иштеген Англиядагы “Sema” компаниясы тарабынан дүйнөдөгү биринчи SMS-кат жөнөтүлгөн. Анда “Рождество майрамыңыз кут болсун!” деп жазылган.
* Мындан 33 жыл мурун, 1981-жылы америкалык ырчы, "Грэмми" сыйлыгынын ээси, бийчи, ырларынын автору жана актриса Бритни Спирс АКШнын Луизиана штатында Кентвуд шаарында төрөлгөн. Атагы алыска тараган Бритнини белгилүү "Rolling Stone" журналы дүйнө боюнча учурдагы ийгиликтүү 25 айымдын катарына киргизген.
2-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан