Парламенттин Коррупция менен күрөшүү комитети 1-декабрдагы жыйынында 2013-жылдын республикалык бюджетинин аткарылышын талкуулады. Жыйында комитет төрагасы Анарбек Калматов 2013-жылкы бюджеттин аткарылышында экономиканын өсүшү 10,5 пайыз деп көрсөтүлгөнүн белгилеп: "Бирок калктын күнүмдүк турмушунда мындай өсүш болгону байкалбай жатат",- деп билдирди. Депутат экономикалык өсүштү изилдөө боюнча тийиштүү мамлекеттик органдардын механизмин алмаштыруу зарыл деп эсептейт. Калматовдун пикиринде мамлекеттик органдардын маалыматтары реалдуу көрсөткүчтөр менен дал келиши зарыл.
Комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун жактырышты.