Бүгүн, 1-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинде "2014-жылдын республикалык бюджети жана 2015-2016-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып, талкуу жыйынтыгында парламенттин кароосуна биринчи окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды.
Каржы министри Ольга Лаврованын айтымында, мурда республикалык бюджеттин өсүшү 6,2 пайыз өлчөмүндө белгиленсе, ар кандай себептерден улам ал 4,5 пайызды түзүүсү күтүлүүдө. Салыктык жана бажылык алымдардын кыскарышына жана бюджеттин чыгыша бөлүгүнүн көбөйүшүнө, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин эмгек акыларынын теңдештирилгенине байланыштуу, бюджет таңсыктыгы 9 миллиард сомдон 12 миллиард 537 миллион сомго чейин өсүүдө.
Андан сырткары бир катар мамлекеттик мекемелердин, анын ичинде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджети 136 миллион сомго кыскарып жатканы белгилүү болду. Депутат Мирлан Бакиров социалдык тармактагы мекемелердин бюджетинин кыскаруусуна каршы пикирин билдирди. "Биздин социалдык тармактардын бюджетин кыскартып, кереги жок тармактардын бюджетин көбөйтүп жатканыбыз туура эмес. Тескерисинче, социалдык багыттагы мекемелердин бюджетин кеңейтиш керек", - деди Бакиров.