Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев кыргыз бийлиги мындан ары жаратылыш газы боюнча Өзбекстанга жалдырабай турганын дагы бир жолу эскертти. Өлкө башчы муну 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде билдирди. "Өзбекстандын газды өчүрүп коюшу биринчи жолу болуп жаткан жок да, 20 жылдан бери өчүрүүлөр болуп келген. Кыш келери менен биздин чиновниктер жалдырап Өзбекстанда жүрүшчү. Тилекке каршы, айрым учурларда биздин чиновниктердин туура эмес келишимдерге кол койгон учурлары болгон. Өзбекстан быйыл да газды өчүрүп жатып Кыргызстандын чиновниктери газ сурап алдыбызга чуркап келет деп ойлогон. Бирок мындан ары андай болбойт, газ маселесин түп тамырынан бери чечебиз. Кыргызстан мындан ары коңшулар менен гана эмес, башка өлкөлөр менен да тең ата сүйлөшөт",- деди Алмазбек Атамбаев.