Алмазбек Атамбаев: "Айрымдарга жакпашы мүмкүн, бирок мамлекет үчүн керектүү иштерге баары бир кийлигишем"

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандагы олуттуу маселелерди чечүүгө аргасыздан кийлигишип жатканын 1-декабрда ММКлардын бириндеги маегинде билдирди. Айтымында, парламент, өкмөткө тийиштүү болгон иштердин чечилбей жатышы өкүндүрөт. 

"Атамбаев бийликти узурпациялап алды" деген сөздөр Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча улуттук стратегияны түзгөндө күчөп баштаган. Ачык айтайын, өз жанымды багып, унчукпай жүрө берсем деле болот, бирок аягында эл баары бир менден сурайт. Айрым маселелерге айла жоктон киришип жатам. Мисалы, энергетика маселесине кийлигишпесем, азыр маал-маалы менен свет өчүрүүлөр болуп турмак. Мүмкүн, айрымдарга жакпайт, бирок мамлекет үчүн керектүү маселеге баары бир кийлигишем. Бирок өзүмдүн ыйгарым укуктарымдын жана Конституциянын чегинде",- деди мамлекет башчы. 

КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин маеги 01.12.14
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан