Алмазбек Атамбаев Кыргызстан "Кумтөрдөгү" 33 пайыздык үлүшүнөн да айрылып калышы мүмкүн экенин айтты

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан "Кумтөрдөгү" 33 пайыздык үлүшүнөн айрылып калышы мүмкүн экенин 1-декабрда маалымат булактарынын бириндеги маегинде билдирди. Президент "Кыргыз алтын" ишканасынын акцияларына улам арест коюлуп жатышы кооптуу экенин айтат. 

"Жыл башында Кыргызстандын акцияларына арест коюлуп, аны чыгардык эле, эми экинчи компания арест коюп жатат. Ушинтип отуруп 33 пайыздык үлүшүбүздөн да ажырап, талаада калганы турабыз. "Өкмөт кескин чараларга барышы керек" деп ушул үчүн айткам. Жогорку Кеңеш "Кумтөр" боюнча былтыр чечим кабыл алып бергенде мындай нерсе болмок эмес. Өткөн жылы 50х50 пайыздык келишимди парламент колдоп бериши керек эле, ошондо 50 пайыз үлүш биздики болмок, азыркыдай арест коюулар болбойт эле. 

Бул боюнча былтыр жакшы мүмкүнчүлүк келген болчу, эми биргелешкен ишкана түзүлөбү билбейм, акцияларыбыздын бир бөлүгү арестте турса кантип түзүлөт? Бул маселени өкмөт менен парламент тез арада чечиши керек",- деди президент. 

 

КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин маеги 01.12.14
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан