Кыргызстандын премьер-министри Жоомарт Оторбаев 1-декабрда Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Жолугушууда Оторбаев: "Биз үчүн өлкөнүн Бажы союзуна жана Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусу боюнча жол картасындагы иш-чараларды ишке ашыруу негизги багыттардын бири болуп саналат. 21 мыйзамдан турган мыйзам долбоорлорунун пакети өкмөттө жактырылгандан кийин өлкө парламентине жиберилди",- деп билдирди.
Тараптар Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине байланыштуу темада кеңири талкуу жүргүзгөнүн өкмөттүн маалымат кызматы билдирет. Камбар-Ата-1 ГЭСи, Жогорку Нарын ГЭС каскады, энергетика, транспорт, өндүрүш жана ветеринардык коопсуздук, Орусияда иштеген кыргызстандык жарандардын абалын талкуулашты.
Өкмөт башчылар эки өлкөнүн министрликтери менен мекемелерине буга чейин жетишилген келишимдерди тездетүү жана сапаттуу бүтүрүү тапшырмаларын беришти.