Кыргызстандын президенти бүгүн араб мамлекеттерине иш сапары менен барат

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 2-декабрда араб мамлекеттерине иш сапары менен барат. Президенттик аппараттан билдиргендей, мамлекет башчы иш сапарынын алкагында 2-4-декабрда Сауд Арабияда, 4-7-декабрда Бириккен Араб Эмираттарында, 7-8-декабрда Катар мамлекетинде болот. Президент аталган өлкөлөрдүн жетекчилери менен эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн ар кандай аспекттерин жана өз ара кызыкчылык жараткан түрдүү тармактарда кызматташтыктын перспективасын талкуулайт. 

Мамлекет башчынын сапарларынын алкагында соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эки тараптуу документтерге кол коюу болжолдонууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан