1-декабрда Кыргызстандын Юстиция министрлигинин алдындагы Соттук экспертиза борборунун иши боюнча жыйын өттү. Жыйында соттук экспертизаларды жүргүзүүнүн актуалдуулугу жана зарылдыгы, соттук экспертизанын түрлөрү, жүргүзүлгөн экспертизалардын саны, соттук эксперттин корутундусунун объективдүүлүгү жана башка маселелер боюнча кеңири маалымат берилгенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу Нуржан Таштановдун айтымында, Кыргызстанда кылмыш иштеринин 90 пайызы боюнча, жарандык иштердин 70 пайызы боюнча экспертиза дайындалат. Талаштуу жагдайдын баарында экспертиза дайындалары белгиленди.