Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кириши боюнча бүгүн, 2-декабрда парламенттик угуу өткөрөт. Парламенттик угуу өткөрүүнү Экономикалык жана фискалдык саясат комитети демилгелөөдө. Угууга депутаттар, өкмөт жана жарандык коомдун өкүлдөрү, эксперттер жана башкалар катышат. Анда аталган биримдиктерге кошулуу процесси талкууланып, кемчиликтер, сунуштар айтылат. Жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынмакчы.