Кыргызстанда жылына 200-250 соттук-экономикалык экспертиза дайындалат

Кыргызстанда жылына 200-250 соттук-экономикалык экспертиза дайындалат. Муну 1-декабрда Юстиция министрлигинде өткөн конференцияда Юстиция министрлигинин соттук-экономикалык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Советбек Эржанов билдирди. Айтымында, экспертизанын аталган түрү акыркы жылдары актуалдуу маселеге айланууда. "Буга байланыштуу тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизилди. Эми экспертизаны мамлекеттик гана эмес, жеке түзүмдөр да жүргүзө алышат. Экономикалык талаш-тартыштар да улам өсүүдө жана бул тармакта жаңы кылмыштар пайда болду. Алар: салыктарды кыскартуу, бажы алымдарын жана социалдык төлөмдөрдүн суммасын кыскартуу жана башка",- деди Эржанов. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан