Депутат Нурлан Төрөбековдун жасалма диплом менен жүргөнү аныкталды

Жогорку Кеңештин депутаты Нурлан Төрөбековдун жасалма диплом менен жүргөнү аныкталды. Муну аталган фактыны иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Курманбек Дыйканбаев бүгүн, 2-декабрда SUPER.KG порталына билдирди. Дыйканбаев кесиптеши университетте 13 жыл окуп, бирок диплом албай калганын айтты.

“Башкы прокуратуранын маалыматын иликтеп чыктык. Комиссия Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз улуттук университетине суроо-талап жиберип, жооп алды. Нурлан Төрөбеков Улуттук университеттин роман-герман факультетинин биринчи курсуна кирип, бирок экинчи курстан окуудан чыгарылыптыр. Кийин окуусун улантып, сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, 2013-жылы декабрь айында карыздары болгону үчүн 5-курстан окуудан айдалган. Жалпы 1990-жылдан 2013-жылга чейин окуп, бирок кайра окууга кабыл алынбагандыктан, диплом ала алган эмес”, - деди Дыйканбаев.  

Депутат комиссиянын корутундусу жалпы депутаттардын кароосуна чыгарылып, чечим кабыл алынарын кошумчалады.

“Экинчиден, Нурлан Төрөбеков бир топ жыл Ооган согушунун республикалык кеңешинин төрагасы, парламенттин 4-5-чакырылыштарынын депутаты катары көп иш кылыптыр. Ушуну эске алып, жалпы жыйында карап, бир жыйынтыкка келебиз. Депутат өзү “дипломумдун түп нускасын жоготуп жибергенмин, көчүрмөсүн пайдаланып жүрөм” деп айтууда. Бирок эч кандай дипломго ээ болгон эмес”,- деп кошумчалады Дыйканбаев. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан