Коомдук жайлардагы курал саткан дүкөндөрдү жабуу сунушталууда

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде курал саткан юридикалык жактардын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун айтымында, билим берүү мекемелеринде, тамактануу жайларында, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жайгашкан имараттарда курал алып жүрүүгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирди. "Эми ошол жайлардын аймагында курал сатуу менен алектенген юридикалык жактардын дүкөндөрүнүн жайгашуусуна тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө. Он жылдан бери Бишкек шаарындагы №64-мектептин имаратында курал саткан дүкөн турат. Бишкек шаарынын мэриясы ижара келишимин апрель айында эле токтотконуна карабастан, дүкөн ээси имараттан чыгып кетүүдөн баш тартууда",- деди Асанов. 

Талкуу жыйынтыгында мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна биринчи окууда алып чыгуу чечими кабыл алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан