Жоомарт Оторбаев Кыргызстанды Бажы союзуна кошуу боюнча алдыда көп иштер турганын айтты

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 2-декабрда Москва шаарында Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия төрагасы Виктор Христенко менен жолугушуп, Кыргызстандын Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кириши боюнча сүйлөшүү жүргүздү. Өлкөнүн аталган уюмдарга кошулушуна тийиштүү жол картасы бекитилгенден кийин жумушчу топ 3 жолу жыйынга чогулганын айткан өкмөт башчы буларды билдирди: 
"Көп иштер жасалды, жасала элек дагы көп иштер алдыда турат. Негизинен өкмөт тараптар улуттук мыйзамдарды Евразиялык экономикалык биримдиктин укуктук базасына шайкеш келтирүү иштери аткарылды". 
Христенко Евразиялык экономикалык комиссия кыргыз тарап менен дайыма тыгыз байланышта экенин, Кыргызстанды аталган биримдиктерге кошууну мүмкүн болушунча тездетүү аракетин көрүп жатканын айтты. 
Тараптар Кыргызстандын аталган союздарга киргенден кийинки бажы алымдары, чек арадан жүк алып өтүү, өткөрүү пункттарын уюштуруу жана аларды тийиштүү жабдуулар менен камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча сүйлөшүшкөнүн өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан