“Чет өлкөлүк волонтёрлордун ишин катуу көзөмөлгө алыш керек”,- деп билдирди депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 2-декабрдагы жыйынында. Анын пикири боюнча, мамлекет алардын эмне иш жасап жатканын билип турушу зарыл.
“Кыргызстанда чет өлкөдөн келген волонтёрлордун саны көбөйүп кетти. Алар биздин салтты, тилибизди үйрөнүп жатышат. Бирок чынында эмне иш жасап жатканын эч ким билбейт. Жондоруна куржун асынып алышат, анысында эмне бар, волонтёрлуктан башка эмне иш менен алек болушат, эч ким билбейт. Кыргызстан өтө эле ачык өлкө болуп калды. Мүмкүн, муну билген волонтёрлор башка жашыруун иштерди жасап жатышкандыр?"- дейт Абдылдаев.