Депутаттар "өкмөт Кумтөр" боюнча жоопкерчиликти алуудан коркууда" дешти

Депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 2-декабрдагы жыйынында президент Алмазбек Атамбаевдин "Кумтөр" боюнча өкмөт менен парламенттин дарегине айткан пикирине токтолду. Депутат премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин комитеттин кийинки аптадагы жыйынына келип, “Кумтөр” маселеси боюнча толук маалымат берүүсүн талап кылды.

“Президент Алмазбек Атамбаев 1-декабрда телеканалдардын бириндеги маегинде “Кумтөр” боюнча парламент менен өкмөткө катуу сындарды айтты. Депутаттар, толук маалымат алуу үчүн өкмөт башчыны комитет жыйынына чакырышыбыз керек. Өткөн жылы парламентте “Кумтөр” маселесин эки жолу карадык. Башка караган жокпуз. “Ата Мекен” фракциясынын “Кумтөрдү” улутташтыруу боюнча чечими да чыккан кийин. Ошондо үлүштү 50х50 пайыздан бөлүү боюнча макулдашууну колдоп берүү керектигин айткам. Өкмөт макулдашууну алып келбегени үчүн күнөөлүү болсо, анда жоопкерчиликти толугу менен моюнуна алышы керек”,- деди Абдылдаев.

Депутат "Кумтөр" маселесин чечүүнү өкмөт эмне үчүн 2 жылдан бери созуп жатканын минтип түшүндүрдү: “Өкмөт жоопкерчиликти алуудан коркуп, төө куш сыяктуу башын кумга катууда. Атамбаевдин айтканы өкмөт үчүн чоң сигнал болду деп түшүндүм. Өкмөт башын кумдан чыгарып, "Кумтөр" боюнча олуттуу чечимдерди кабыл алдык" же "чечим кабыл алуу колубуздан келбейт” деп ачык айтышы керек”

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан