Жогорку Кеңештин комитети “Волонтёрлордун иши жөнүндө” мыйзам долбоорун 1-окууда артка кайтарды

Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин 2-декабрдагы жыйынында“Волонтёрлордун иши жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окууда артка кайтарылды.

Демилгечи депутат Ыргал Кадыралиеванын: “Бул багыттагы мыйзам долбоорлору коңшу мамлекеттерде каралып, кабыл алынып жатат. Бул мыйзам долбоору Кыргызстан үчүн өтө зарыл. Бирок өткөн жылы да 1-2-окууларда парламент тарабынан кабыл алынып, 3-окууда добуш берүүдөн өтпөй калган болчу. Учурда комитеттер биринчи окууда кабыл алышты”,- деди депутат.

Депутаттар мыйзам долбоорунун Кыргызстанга өтө деле зарылчылыгы жок экенин айтышты.

“Азыр бизди кереги жок мыйзамдарды кабыл алып жатасыңар деп коомчулук күнөөлөп жатат. Бизде өзүбүздүн жана чет өлкөлүк волонтёрлор иштеп жатышат. Бирок алардын ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн эч кандай мыйзам долбоорунун кереги жок. Сунушталган мыйзам долбоорунун зарылдыгынан күмөнүм бар. Парламент сунушту 3-окууда кайтарып жиберген болсо, анда мен да комитетке артка кайтарууну сунуштайм”,- деди депутат Абдыманап Кутушев.

Комитет мүчөлөрү кесиптешинин пикирин колдоого алышып, демилгени 1-окууда артка кайтарышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан