Самаркандек кениндеги 1 тонна көмүрдүн дүң баасы Баткен шаарында жана Баткен районунда 6070 жана 3951 сомдон ашпашы керек. Муну бүгүн, 2-декабрда өкмөткө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинен билдиришти. Кыргызстандын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү боюнча өкмөттүн 4-ноябрдагы токтомун аткаруунун негизинде аталган ишканага көмүрдүн дүң өткөрүү баасынын чектик деңгээлине макулдук берилди. Баа төмөнкүдөй:
“Самаркандек" кени.
№ | Көмүрдүн маркасы | баасы |
1 | БК | 6070 сом (1 тоннасы) |
2 | БР | 3951 сом (1 тоннасы) |