Өкмөт: Мамлекеттик тендерлерге бюджеттен жылына 22 миллиард сом жумшалууда

Бүгүн, 2-декабрда Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде мамлекеттик сатып алууну жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоору каралды. Өкмөттүн маалыматына таянсак, республикалык бюджеттин 20 пайызы же 22 миллиард сом мамлекеттик сатып алууларга жумшалат. Иштеп жаткан мыйзамда коррупцияга жол ача турган нормалар камтылып калганы айтылды. 

Мыйзам долбоорунда мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы коррупцияга бөгөт коюу үчүн электрондук документ жүгүртүү кызматы киргизилүүдө. Азыр тендерлерге катышууну көздөгөн компаниялар өздөрүнүн документтерин электрондук түрдө жөнөтө алышат. Тендер өткөрүү маселелерине байланыштуу мамлекеттик органдардын иш-милдеттерин кайрадан ыраатташтырып, тендердик документацияларды белгилүү бир мөөнөттө гана өзгөртүү шарты сунушталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан